Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Брюсселде полициячыларга кол салуу терроризмге байланыштырылууда


Брюсселде эки полициячыны бычак менен жарадар кылган киши кармалды. Бельгия прокуратурасынын басма сөз катчысы Эрик Ван дер Сипт бир полициячы моюнунан, экинчиси ашказанынан жараат алганын маалымдады. Бул иш “ыктымал терроризм” катары каралууда. Окуя баш калаанын Схарбек конушунда шаршембинин кечинде болгон. Кол салууга шектелген адам качып кетүүгө араккеттенип, бирок полициянын экинчи тобу колго түшүрдү. Расмий маалымат боюнча ал тартип коргоочуларга каршылык көргөзгөндө полициячы бутуна аткан.

Бул иш эмне себептен терроризмге байланыштырылып жатканы түшүндүрүлгөн жок. Анын алдында Брюсселдеги вокзалдардын бири бомба жөнүндө маалымат түшкөндөн кийин бир сааттай жабык турду. Март айында Бельгиянын борборунда бир нече жерде жанкечтилер бомба жардырганда 32 киши мерт кеткен. Өлкөдө мындан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG