Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Аида Салянова "Мегакомдо" акциясы жок экенин айтты


“Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова жергиликтүү басылмалардын биринде чыккан "Салянованын "Мегакомдо" акциясы бар" деген маалыматты төгүндөдү. Ал өкмөт жана мүлк фондунан өкүлдөр парламенттик жыйынга келип маалымат берүүсүн талап кылды.

- Мени, Өмүрбек Текебаевдин жана Алмамбет Шыкмаматовдун "Мегакомдо" акциясы бар деген макала жарык көрдү. Биз бул маселени парламентте ачык кароого даярбыз. "Мегакомдун" 51 пайыз акциясынын мамлекетке кайтарылышына менин салымым чоң. Ошол маалда мен башкы прокурор болуп тургам. Биз рейдерлик тартып алууну токтотуп, акцияларды кайтарып бергенбиз.

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков айтылган маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгеледи.

"Мегаком" ишканасынын 100 пайыз акциясы мамлекеттин пайдасына улутташтырылган. Мамлекеттик мүлк фонду ушул жылдын 16-декабрында "Мегакомду" аукцион аркылуу сатууну көздөөдө. Ишкананын баштапкы баасы 14 млрд сом деп белгиленген. (SDz)

XS
SM
MD
LG