Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылынын тургундары Балыкчы-Корумду жолуна төшөлчү шагыл казылып алынган карьердин опсуз кеңейишине нааразы болуп чыгышты. Сары-Ой айылынын башчысы Мирбек Абайылдаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жумушчулар карьерди казууда үлүш жерлерге чейин ооп кетишкен.
Абайылдаевдин айтуусунда, башында курулушчулар карьерди эки метр тереңдикте гана казарын айтышкан. Бирок, барган сайын карьердин аянты кеңейип, жеке менчик жерге да кирип кетишкен.
Кечээ бул боюнча район жетекчилиги эл менен жолугуп, жол курулушчулары менен сүйлөшкөн. Курулушчулар бир жума ичинде жерлерди түздөп, калыбына келтирүүгө убада кылышты. (AsM)