Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

“Ата Мекен” партиясы “Вечерний Бишкекти” сотко берди


«Вечерний Бишкек» гезитинин сайты Жогорку Кеңеш депутаттары “Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновалар Бакиевдер менен бирге Мегакомго үлүшкө кирген» деген макаласы үчүн сот алдында жооп берет. Мындай билдирүүнү “Ата-Мекен” партиясынын катчылыгы жарыялады.

Партия “Вечерний Бишкек” гезити буга чейин да “атамекенчилер” тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканын маалымдап, алар бийликтин буйругун аткарып жатканын маалымдады.

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова аталган гезитте чыккан "Салянованын "Мегакомдо" акциясы бар" деген маалыматты төгүндөдү. Ал өкмөт жана мүлк фондунан өкүлдөр парламенттик жыйынга келип маалымат берүүсүн талап кылды.

Айрым депутаттар гезиттеги макала боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтөөнү сунушташты. (SDz)

XS
SM
MD
LG