Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Европалык эксперттер коррупцияны ооздуктоону үйрөтүүдө


Коррупцияга каршы чаралар жана милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча көмөк көрсөтүү үчүн Кыргызстанда беш күндөн бери европалык эксперттердин тобу иштеп жатат. Бул аралыкта эксперттер Коргоо кеӊеши, өкмөттүк аппарат, Мамлекеттик чек ара кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын өкүлдөрү менен бирге мыйзамдардагы коррупцияны жогорулатуучу тобокелдик факторлорун карап чыгышты жана коррупцияны пайда кылган негизги себептерди аныкташты. Европалык эксперттер менен жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлердин беш күндүк иши тууралуу бүгүн атайын маалымат жыйынында коомчулукка кеңири маалымат берилмекчи.

Миссия Европа биримдиги тарабынан каржылануучу Борбордук Азиядагы Чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы тарабынан уюштурулган. Аталган программанын иши укук коргоо мекемелеринин кесиптик жана этика стандарттарын бекемдөөгө багытталган. Программа Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө иштеп келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG