Баш мыйзамга кирип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Конституциялык сотко кайрылат. Фракция адам укугуна карата кирип жаткан өзгөрүүлөр, Баш мыйзамдагы 114-берене жана референдум тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы канчалык Баш мыйзамга шайкеш келерин ырастоо үчүн Конституциялык соттун чечимин күтмөкчү.
4-октябрда Бишкектин райондор аралык соту укук коргоочу Рита Карасартованын “Референдумду белгилөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламент комитетинин чечими мыйзамсыздыгы тууралуу арызын кароодон баш тарткан.
29-сентябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган мыйзам долбоорду 1-окуудан өткөргөн. (SDz)