Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы Колумбия президентине ыйгарылды


Президент Хуан Мануэль Сантос ФАРК кыймылынын колбашчысы Тимоченко менен тынчтык келишимге кол койгон учур. 26-сентябрь, 2016-жыл.
Президент Хуан Мануэль Сантос ФАРК кыймылынын колбашчысы Тимоченко менен тынчтык келишимге кол койгон учур. 26-сентябрь, 2016-жыл.

Бүгүн Ослодон жарыялагандай, Түштүк Америкадагы бул өлкөнүн президенти Хуан Мануэль Сантоско Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы ФАРК кыймылы менен тынчтык келишимин түзүүгө жетишкени үчүн берилди.

Колумбия өкмөтү менен ФАРК кыймылынын ортосунда 52 жылга созулган согушту токтотууну караган тынчтык келишимине өткөн айдын соңунда кол коюлган эле.

Бирок, 2-октябрда колумбиялыктардын 37% эле катышкан референдумда добуш бергендердин 50%дан бир аз ашууну тынчтык келишимге каршы чыкса, 50%га бир аз жетпегени аны жактаган.

Бирок, референдум жыйынтыгы келишимдин күчүн жоготпойт.

Колумбияда өкмөт менен солчул радикал жана марксисттик козголоңчулардын ФАРК тобунун ортосунда 1964-жылы башталган жаңжал 220 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, миллиондорду көчүүгө аргасыз кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG