Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Дүйшөмбү мечиттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө


Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.
Дүйшөмбүдөгү борбордук мечит.

Дүйшөмбүдөгү бардык мечиттерге жардыргыч заттарды аныктай турган жабдыктар орнотулат. Бул тууралуу шаар мэриясына таянуу менен "Азаттык" радиосунун тажик кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, мындай жабдык алгачкылардан болуп Дүйшөмбүдөгү борбордук Хожи Якуб мечитине алып келинди.

​Тажикстандагы ислам борборунун Уламалар кеңешинин фатва бөлүм башчысы Жамолиддин Хомушинин айтымында, жабдыктар орнотулгандан кийин аларга күч органдары менен мечиттин кызматкерлери көзөмөл жүргүзөт. Андан сырткары Хожи Якуб мечитине кошумча көзөмөл камералары орнотулат.

Айрым жарандар мечиттерге камераларды коюу аракетин дин тутуу эркиндигин бузуу катары баалашууда. Тажик бийлиги өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган топтон жана башка экстремисттик уюмдардан туулган коркунуч күчөп жатканын эскертүүдө. Укук коргоо органдары буга чейин ондогон террордук актыларга бөгөт коюлганын билдирген.

XS
SM
MD
LG