Жалал-Абад облусунун аймагында прокуратура берген актылардын жана көрсөтмөлөрдүн негизинде быйыл жыл башынан бери 45 милиция кызматкери жазаланды. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармалыгында өткөн жыйында айтылды.
Жазага тартылгандар арасында 2 тергөөчү жумуштан бошотулган. Төрт кызматкерге тартиптик жаза каралган. 25 милиционерге сөгүш, 9уна катуу сөгүш жана беш тартип сакчысына эскертүү берилген. (RsK)