АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан президенттикке ат салышкан Дональд Трамптын талапкерлигин колдоодон баш тартты.
Райан бул чечимин республикачыл мыйзам чыгаруучулар менен телефон аркылуу өткөн жыйында билдирген. Ал бул кадамын Трамптын аялдар тууралуу айтканына макул эместиги менен түшүндүрдү.
Райан республикачылардын АКШ системасындагы эң улуу өкүлү. Буга чейин Райан тууралуу Трампты колдоодон баш тартпайт, бирок аны коргобойт деген кептер чыккан.
Трамп твиттерге “Райан мени менен кармашып, убактысын текке кетирбесин” деп жазды.
Хиллари Клинтондун шайлоо кампаниясынын өкүлдөрү Райандын билдирүүсүн “таңкаларлык” деп аташты. Клинтондун коммуникация боюнча компаниясынын жетекчиси Жен Палмерн республикачыл лидерлердин Трамптан жүз буруусуна өтө кеч экенин айтты.
Райан өз чечимин республикачыл-сенаторлор, Өкүлдөр палатасы жана мурдагы саясий ишмерлер Трампты президенттик жарыштан чыгууга чакыргандан соң жарыялаган. (ST)