Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Президент Атамбаев кечиримдүү болууга чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги резиденцияда ар кыл кесип ээлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөндө кечиримдүүлүк адамдын бийик сапаты экенин, саясий стабилдүүлүк үчүн сабырдуу болууну белгиледи.

Президент Атамбаевдин бул сөзү Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси жана анын 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн дарегине айткан сын пикирлеринен улам бийлик-оппозиция тиреши уланып жаткан кезде айтылды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин кечиримдүүлүк тууралуу айтканынан соң “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда саясий чыңалууну азайтууга кызыкдарлыгын билдирди:

- Айтылган сөздөр айтылды. Эч ким өз чындыгынан баш тартпайт. Бирок эмоционалдык саясий жагы да бар. Ал күчөп, басаңдап турат. Аны басаңдатуу мүмкүн. Мындай абал түрдүү коркунучтарды көбөйтүшү ыктымал.

Депутат Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүү жана Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин дарегине айтылган сындар боюнча президент Атамбаев менен макул эместигин дагы белгиледи. Ал ортодогу чыңалууга президенттик аппараттагы Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов жана Сапар Исаков от жагып жатканын кошумчалады. (EBM/SE)

XS
SM
MD
LG