Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Балдарын аеосуз мушташтыргандарды ата-энелик укуктан ажыратуу сунушталды


Интернетке жарыяланган балдардын мушташы.
Интернетке жарыяланган балдардын мушташы.

Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынын өкүлү Айбек Турганбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, балдарын аянбай мушташтыргандарды ата-энелик укуктарынан ажыратуу маселеси каралууда. Мушташ тартылган видеону интернеттен жок кылуу жана аны көрүүгө тыюу салуу боюнча сотко доо арыз берилди.

Кечээ Ош облустук прокуратурасы кичинекей балдардын аеосуз мушташканы тартылган видео Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында тартылганын кабарлаган. Маалыматка караганда, балдар быйыл август айында мушташып, ал видеого тартылып, интернетке тарап кеткен. Алдын ала иликтөөлөр боюнча канга боелгончо мушташкан алты жана жети жаштагы эки баланы аталары мелдешип, уруштурган. Азыр окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Аталган видео 3-октябрда социалдык тармактарда жарыяланып, коомдо катуу талкууга кабылган. Анда чоң кишилер эки баланын ыйлап жатканына көңүл да бурбай, аеосуз "ур, саба" деп кыйкырып турушкан. Ички иштер министрлиги бул видеонун кай жакта тартылганын иликтей баштаган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG