Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Германия: абактагы качкындын өлүмү чочулоолорду жаратууда


Лейпциг абагы.
Лейпциг абагы.

12-октябрда Лейпциг шаарындагы абакта сириялык Жабер аль-Бакрдын көйнөгүнө асынып алышы жергиликтүү коомчулукту тынчсыздандырууда.

22 жаштагы Жабер аль-Бакр 10-октябрда дагы үч сириялык качкын менен кошо кармалган. Полиция анын Хемниц шаарындагы үйүнөн бомба жасоого керектүү заттарды тапкан.

Германия чалгын кызматы Бакр Берлин аэропортторунун биринде теракт уюштурууну пландаганын билдирген.

Бул өлүм иликтөөнү татаалдантканын белгилеген Германия ички иштер министри Томас де Мезьер "ар тараптуу жана тез иликтөө" жүргүзүүнү талап кылды.

Айрым саясатчылар эми анын “Ислам мамлекети” террор тобу менен байланышын жана ыктымал шериктерин табууга мүмкүн болбойт дешет.

Бакрдын адвокаты абак кызматкерлери анын өмүрүнө кол салуу ниетин билишкенин айтып, алардын шалаакылыгына ишара кылды.

Германия сириялык жигитке 2015-жылы февралда башкалка берген.

XS
SM
MD
LG