Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

АКШ Иранды айыптады


АКШнын расмий адамдары Иран америкалык кемелерге сокку уруу үчүн Йемендеги козголоңчуларды ракеталар менен камсыз кылган деп айыпташты.

Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин төаргасы Жон Маккейн 13-октябрда Пентагондун маалыматына таянып, АКШ Деңиз күчтөрүнүн “Мэйсон” согуштук кемесине 3 жолу ийгиликсиз сокку урулганын, ал ракеталарды болжолу менен Иран жөнөткөнүн билдирди.

Республикачыл сенатор коргоо мекемесинин жооп иретиндеги чабуулдарын кубаттарын кошумчалады. Алдынкы күнү АКШ Йемендин хуси-козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактарындагы үч радиолокациялык станцияга үч ракета аткан эле. “Кошмо Штаттардын Деңиз күчтөрү мындай агрессияга жол берилбейт деген катуу эскертүү жасады”, - деди МакКейн.

Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Көрби америкалык кемелерге атылган ракетелар менен хусилерди Иран камсыз кылган деп айтып, ошол эле маалда козголоңчулар Йемендин өкмөттүк армиясынын курал-жарактарын басып алган болушу да мүмкүн деп айткан.

Тегеран хусилерди колдогону менен аларды куралдандырууда деген айыптоолорду четке кагып келатат. Бирок АКШ хусилердин радар системасына сокку уруп жооп кайтаргандан кийин Иран Йемендин жээгине, Аден булуңуна эки согуштук кемесин жиберди жана муну “соода кемелерин пираттардан коргоо" үчүн деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG