Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

АКШ Орусиянын кибер чабуулдарына жооп кайтарат


АКШ Орусиянын киберчабуулдарына жооп кайтаруу үчүн атайын операция даярдоодо. Бул тууралуу NBC телеканалы америкалык атайын кызматтагы булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Борбордук чалгын бюросунун (ЦРУнун) кызматкерлерине Орусиянын жашыруун маалыматтарын ачыкка чыгаруу боюнча тапшырма берилди. Бирок кандай “жашыруун маалыматтар” боюнча сөз жүрүп жатканы белгисиз.

АКШнын вице-президенти Жо Байден Meet the Press көрсөтүүсүнө катышып жатып, Ак үй бул жаатта орус президенти Владимир Путинге коңгуроо кагып жатканын билдирди.

“Бул үчүн биз натыйжалуу болчу учурду тандап, анан ишке ашырабыз”-деди Байден.

Буга чейин АКШ бийлиги айрым саясатчылар жана саясий партиялардын маалыматтык базаларына жасалган хакердик чабуулдун артында Орусия турат деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG