Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Ниццадагы теракттын курмандыктары эскерилди


Франциянын Ницца шаарында июль айындагы теракттын курмандыктары эскерилүүдө. Ага Франциянын президенти Франсуа Олланд, каза болгондордун жакындары жана кол салуу учурунда жараат алгандар катышты. Жалпысынан иш-чарага миңден ашык адам келди. Анын жүрүшүндө жергиликтүү опера артисттери набыт кеткендердин ысымдарын окуп, гүлдөр коюлду.

Ницца шаарында 14-июлдагы калабада 84 адам набыт болгон. “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди тебелеп кеткен. Калаба үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” террордук тобу алган.

XS
SM
MD
LG