Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кытай элчилиги кыргызстандык студенттерге виза берди


Кытайдын Бишкектеги элчилигинин Консулдук кызмат департаменти виза берүү үчүн 10-октябрдан 13-октябрга чейин документтерди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кытайга билим алуу үчүн кетчү студенттердин арызы каралды. Ал студенттердин тизмеси министрликтин www.mfa.gov.kg сайтына жарыяланды. Студенттер 17-октябрда акчаларын төлөп, виза басылган паспортторун алса болот. Ал эми бул күндөрү жетишпей калган студенттер 17-октябрда 10:00дөн 17:00гө чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кайрылышы керек.

30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып, өзүн жардырып жиберген. Үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян келген. Бул окуядан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон.

Кытайда билим алган үч жүзгө жакын студент окуулары үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, бул маселени тез арада чечип берүүнү талап кылып келишкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG