Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Трамп Клинтонду атайын текшерүүдөн өтүүгө чакырды


Дональд Трапм менен Хиллари Клинтон дебат учурунда.
Дональд Трапм менен Хиллари Клинтон дебат учурунда.

Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трапм атаандашы Хиллари Клинтонду канында маңзат бар-жогун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн өтүүгө чакырды. Трампттын жүйөсүндө, акыркы дебаттарда Клинтон кандайдыр-бир дарыларды колдонушу мүмкүн.

Нью-Гемпширде шайлоочулар менен жолугушууда Дональд Трамп:

"Ал эмне болуп жатканын мен жакшы түшүнө албай жатам. Өткөн дебаттардын башында аны "үйлөп" койгондой болуп жатты эле, аягында алсырап унаасына араң жетти. Биз спортчулардайбыз. Аларды атайын текшерүүдөн өткөрүп жатпайбы, ошол сыяктуу биз да дебаттын алдында атайын текшерүүдөн өтүшүбүз керек”-деди 70 жаштагы Трамп.

Ошондой эле ал маалымат каражаттарын 8-ноябрдагы шайлоо алдында Клинтондун пайдасына иштеп жатат деп айыптады.

Буга чейин бир нече маалымат каражаттарында Трапмтан сексуалдык ыдык көргөн аялдардын маектери жарыяланган эле.

XS
SM
MD
LG