Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

Аба ырайы: чукул билдирүү


Күз. Кыргызстан.
Күз. Кыргызстан.

Шашылыш билдирүү:

18-19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

18-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз -1…-6° суук болот.

Аба ырайы:

17-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14 градус жылыйт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 8...13 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18 градус жылуу болот.

Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18 градус жылуу болот

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...4, күндүз 6...11,

Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13 градус жылыйт.

Бишкекте 17-октябрда жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 12…14° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG