Султан Раевдин «Суфлер» спектали Лондон шаарында коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры койгон спектакль Лондондогу The Space театрында өттү. Башкы ролду кыргыз эл артисти Назира Мамбетова ойноду. Оюн Лондондогу Ачык Борбор Азия фестивалынын алкагында коюлду.
Буга чейин август айында Раевдин “Ханышанын көз жашы” спектакли Лондондо коюлган эле.(BkA)