Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

«Дыйкан» базары 10 күндүн ичинде жабылат


Базар
Базар

Бишкектеги жашылча-жемиш саткан «Дыйкан» базары 10 күндүн ичинде жабылыш керек. Бул тууралуу Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди. Анын айтымында, санитардык-коопсуздук нормаларга жооп бербегени үчүн Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция базарды жабуу чечимин кабыл алган. Бул үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди.

Аким Тынаевдин билдиришинче, «Дыйкан» базарындагы сатуучулар «Дордой-Моторс» жана «Сары-Өзөн» базарларына көчүрүлөт.

Бирок базарда соода кылган айрым сатуучулар мэриянын бул чечимине наарызы болушууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG