"Иисус Христос – супержылдыз" рок-операсын “кремлдик топтун кысымы менен болтурбай коюу сөз эркиндигине басым болуп саналат жана Орусиянын маданий жашоосуна улутчул “активисттердин” кийлигишүүсүнө үлгү болуп берет”,- деп билдирди Эл аралык мунапыс уюму.
“Үй-бүлө, сүйүү, Ата Мекен” уюмунун суроосу менен Омскиде рок-операны коюуга тыюу салынган. Активисттер кайрылуусунда рок-опера баштан-аяк “кудайды шылдыңдоо” деп эсептешип, анын аталышы эле “ыйык түшүнүктөрдү шылдыңдоого жатарын” белгилешкен.
Ал эми жергиликтүү бийлик операны болтурбоого эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө. Укук коргоочулардын белгилөөсү боюнча, операга тыюу салуу чечимин келип түшкөн арыздардан улам музыкалык театрдын жетекчиси кабыл алган.