Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы Максим Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрүн текшерүү боюнча парламенттик комиссия түзүүну сунуштады. Мындай сунушту парламенттин бүгүнкү жыйынында аталган фракциянын мүчөсү, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын ырасташынча, улутташтырылган мүлктөр тууралуу маалымат каражаттары ар кыл кабарларды таратууда. Буга байланыштуу депутат парламенттик комиссия түзүп, маселени терең иликтеп чыгууну өтүндү.
Ал эми фракциянын сунушу парламентте каралмай болду.
Буга чейин айрым бийликке жакын маалымат каражаттары улутташтырылган «Альфа Телеком» компаниясынын акцияларына «Ата Мекендин» мүчөлөрү ээ экендиги тууралуу жазышкан. «Ата Мекен» партиясы муну четке кагып, аны бийликтин атайын каралоосу катары баалаган.(BkA)