Аскердик курал-жарактын уурдалышы тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжесариевдин жоопкерчилигин кароо сунушталды. Мындай маселени депутат Азамат Арапбаев көтөрдү. Анын айтуусунда, комитет төрагасынын айдоочусу аскер бөлүктөн курал сатууга айыпталып жатса, анын жоопкерчилиги каралыш керек. Мындай сунушту «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова колдоп, комитет төрагасын кызматтан өз арызы менен кетүүгө чакырды.
Буга чейин Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып кармалган эле. Комитет төрагасынын айдоочусу Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга айыпталган. Ал эми Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон.
Бул окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев Башкы Штабдын башчысы жана Башкы прокурорго аскердеги коррупцияга каршы чара көрүү тапшырмасын берген.
Башкы Штаб бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага басары баш болгон 14 офицер кызматтан алынганын билдирген.(BkA)