Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Анын ырасташынча, 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасы белгисиз болуп жаткан учурда өзгөртүү киргизүү туура эмес. Ошондуктан Баш мыйзамды шашылыш өзгөртүү аракетин токтотуп, жазга чейин өзгөртүүлөрдү талкуулоо зарыл, - деп билдирди эл өкүлү.
Иманалиев референдумда бир гана маселе, башкаруу системасын тандоо зарыл экенин айтты.
Буга чейин парламентте 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасы кайда экени боюнча талаш жаралган. Анда президенттик аппараттын өкүлү Баш мыйзамдын түп нускасы кайда экени белгисиз экенин билдирген. (BkA)