Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Москва АКШнын жаңы санкцияларына “оор тие тургандай” жооп бере аларын эскертти


Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Думада сүйлөп жатат.
Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Думада сүйлөп жатат.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, АКШ Орусияга каршы катаал санкцияларды кабыл алса, Москва ага “асимметриялык” жана “оор тие тургандай” чара менен жооп бере алат. Мындай пикирди Рябков Мамлекеттик Думада Плутонийди зыянсыздандыруу келишимин токтотуу маселеси каралып жатканда айтты. АКШ менен жетишилген Плутонийди заянсыздандыруу келишимин токтотууну президент Владимир Путин 3-октябрда парламентке жолдогон. Келишим кайра күчүнө кирүү үчүн АКШ Орусияга киргизген санкцияларды алып, келтирилген зыяндарды төлөп бериш керек жана Чыгыш Европада аскерлерди жана аскерий инфраструктураны кыскартуу шарттары коюлган. (AiT)

XS
SM
MD
LG