Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Өзбекстанда аскерий тик учак кулап, тогуз киши набыт болду


Алардын алтоо аскер кызматкерлери, үчөө экипаж мүчөлөрү болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалымдашынча, МИ-171 тик учагы 18-октябрда Фергана облусунун Кыргызстан менен чектешкен жеринде кулаган. Өзбекстандын коргоо министрлиги кырсыкты “кокустан болгон кырсык” деп сыппаттады. Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Өзбекстандын бийлиги набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Расмий маалыматтарда МИ-171 кадимки ишин аткарып жүргөн деп айтылууда.

2009-жылдан бери Орусияда чыгарылган МИ-171 тик учактары 7 жолу кырсыкка тушуккан. Андан жалпысынан 41 киши набыт болгон.

Ал эми Өзбекстанда авиатранспорт кырсыгы ушуну менен экинчи жолу катталып жатат. 2004-жылы 13-январда Ташкендин аэропортунда Термезден келе жаткан ЯК-40 учагы кулап, бортундагы 37 жүргүнчүнүн баары набыт болгон.

XS
SM
MD
LG