Аталган комиссия Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга мурда тиешелүү болгон мүлктөрдү сатуудагы маселелерди да иликтейт.
20-октябрдагы парламенттик отурумда 2010-жылдагы мародерчулукту, банк ячейкаларын талап-тоноо фактыларын, “Альфателеком” ("Мегаком"), “Бишкек мунай компаниясынын” мүлкү, “Кыргызтелеком" ишканасы көрсөткөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, К. Бакиевдин тегерегиндеги адамдар: М. Бакиев, Ширшов, А. Елисеевге мурда тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан ТНК”, Азияуниверсал банкы, “Кыргызкөмүр” ишканасы жана Кадыржан Батыровго мурда тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуудагы маселелерди териштирүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгеси көтөрүлдү. Натыйжада курамына депутаттар Р. Момбеков, А. Артыков, М. Айнакулов, М. Мадеминов (КСДП), К. Бокоев, А. Исмаилова, А. Алтынбеков (“Республика – Ата Журт”), Ж. Калмаматов, К. Нурматов (Кыргызстан), А. Жутанов (“Өнүгүү”), А. Шыкмаматов (“Ата Мекен”) кирген убактылуу комиссия түзүлдү.
“Бир бол” фракциясы депутаттарын кеңешкенден кийин сунуштамай болду.(ZKo)