Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:17

Вашингтон Филиппин президентинин сөзү боюнча түшүндүрмө талап кылууда


Вашингтон, Акүй.
Вашингтон, Акүй.

Бул тууралуу АКШ мамдепартаментинин өкүлү маалымдады. 20-октябрда президент Родриго Дутерте Бээжинде Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Ал Кытай – Филиппин бизнес форумунда сүйлөп жатып:

- Ушул жерден АКШдан бөлүнгөнүмдү жарыялайм, Америка (Филиппинди) жоготту, - деди.

Дутерте ошондой эле Орусия президенти Путинге барып, “биз үчөөбүз: АКШ, Филиппин, Орусия дүйнөгө каршыбыз”, деп айтарын да кошумчалаган.

Мурдараак Бээжин Филиппин лидеринин сапарын эки тараптын мамилесиндеги “бурулуш жана тарыхый учур” катары баалаган.

Акүй Дутертенин мындай билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө сурап, расмий Манила буга чейин Вашингтон менен көп жылдык кызматташтыгын өзгөртүү дымагын билдирбегенин маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG