18-октябрь күнү аба транспорту боюнча ички иштер бөлүмүнө бишкектик тургун кайрылып, эжесинин жүгүнүн арасынан алтын буюмдары жоголгонун билдирген. 69 даана зер буюмдар Бишкек-Ош каттамындагы учуу мезгилинде жоголгон.
ИИМдин маалымдашынча, оперативдүү кызматкерлер зер буюмдарды жүргүнчүлөрдүн жүгү үчүн жооптуу адамдар уурдашы ыктымал деп аэропорттун кызматкерлерин текшеришкен. “Милиционерлердин кылдат иш алып баруусунун негизинде, кылмыш иши эки күндө ачылды”, деп маалымдайт ички иштер министрлиги.
Ага ылайык, иликтөө учурунда милиция бул ишке ошол каттамды тейлеген аэропорттун жүк бөлүмүнүн кызматкери тиешеси бардыгын аныктап, 26 жаштагы жаранды кармашкан. Кармалган жарандан 59 даана алтын буюм табылган, калгандарын сатып жиберүүгө үлгүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал уурдалган зер буюмдарды аэропорттун аймагынан алып чыгып, өзү жашаган жакта жерди казып, көөмп койгон.
Бул иш боюнча ири өлчөмдөгү уурулук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)