Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

"Ыйман" фонду жана УКМК эл менен жолугушууларды өткөрүүдө


«Ыйман» фонду Улуттук коопсуздук комитети менен бирге жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Фонддон кабарлашкандай, «Улуттук маданият, билим жана руханият» долбоорунун алкагында жарандардын рухий жана диний маданиятын калыптандыруу, улуттук маданият жана билимдин дин менен байланышы тууралуу талкуулар уюштурулуп жатат.

Экстремизм жана радикалдашууну алдын алуу максатын көздөгөн бул жолугушуулар Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында өттү.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында "Исламдагы аялдын ролу жана орду" темасында атайын аялдар үчүн семинарлар уюштурулуп, өткөрүлдү. ​

Диний коопсуздук маселеси 2014-жылы Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланган. Натыйжада бир катар, анын ичинде “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондун түзүү чечими кабыл алынган.(RK)

XS
SM
MD
LG