Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Бишкекте эске тутуусун жоготкон адамдын жакындары изделип жатат


Эс-тутумун жоготкон адам аты-жөнү Тимур Сыдыков экенин айтууда

Бишкек шаарында эске тутуусун жоготкон адам жакындарын издеп жатат. Аны Киев жана Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерден маршруттук таксинин айдоочусу – Нурлан Ордобаев 30-октябрда таап алган. Айдоочу бул кишини бир апта мурун да көргөн. Бул ирет аны үйүнө алып кетти:

- Аты-жөнүн Тимур Cыдыков деп жатат. Башка эч нерсени эстей албайт. Эгер сүрөтүнөн туугандары тааныса, мага байланышса болот.

Эч нерсе эстей албай жаткан адам болжол менен 30-35 жаштарда. Таанып-билгендер 0703 60-00-51 номуруна - Нурлан Ордобаевге байланышса болот.

Милиция бул боюнча комментарий бере элек. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG