1-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда түнкүсүн кар жаайт, калган аймактарда күн ачык. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19;
Таласта түнкүсүн -1...+4, күндүз 13...18;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;
Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14;
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 1-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 17...19 градус жылуу болот.