Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

Орусиялык актер Владимир Зельдин 101 жашында көз жумду


Актер Владимир Зельдин.
Актер Владимир Зельдин.

Москванын Склифосовкий ооруканасында дүйшөмбүдө орусиялык жана советтик актер Владимир Зельдин 101 курагында көз жумду. Ал соңку үч аптадан бери аскердик ооруканада дарыланып, абалы начарлаганына байланыштуу Склифосовский ооруканасына бир күн мурда которулган.

Зельдин учурдагы эң улгайган актер катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Орусия аскерлеринин борбордук академиялык театрында ойноп келди.

Ал бул театрга 1946-жылы ишке кирген.

Актер “Карнавал түнү”, “Дядя Ваня” сыяктуу тасмалардагы ролдору аркылуу таанылган. Өз карьерасында Зельдин кино жана театрда 40тан ашык роль аткарган.

Владимир Зельдиндин сөөгү 3-ноябрда жерге берилет.

XS
SM
MD
LG