Кызыл-Кыя шаарында көмүр казуу менен алектенгендер наарызылыкка чыгышты. Алар жеке ишкерлер кенди ээлеп алып, башкаларга көмүр казууга уруксат бербей жатканына даттанышууда. Алар маселени чечип берүүнү өтүнүп, мэриянын алдына бүгүн акцияга чыгышканын “Азаттык” радиосуна билдиришти.
Алардын баары аймактагы көмүр кендерин өз алдынча казып, акча таап иштеп жүргөндөр. Ушул тапта шаар жетекчилиги алар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Кызыл-Кыяда айрым тургундар көмүр казып, тиричилик өткөрүшөт. (SE)