Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Аскаров менен чогуу соттолгондор көрсөтмө берүүдө


Адвокаттар.
Адвокаттар.

Июнь коогасы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун ишин кароо Чүй облустук сотунда уланууда. Азыркы кезде калабага байланыштуу күнөөлүү деп табылып, камакка алынган алты киши көрсөтмө берип жатышат. Алардын айткандарын угуу сунушун мурдагы жараянда жактоочу тарап киргизген.

Соттолгондордун бири Мунира Мамадалиева ашыкча сүйлөгөндөн баш тартарын билдирип, адвокат Нурбек Токтакуновдун "өз коопсуздугуңуздан коркуп жатасызбы" деген суроосуна "ооба" деп жооп кайтарды. Бирок соттун суроолоруна жооп берди. Ал эми Мирзалим Шүкүров алты жыл мурдагы Базар-Коргон районундагы көпүрөдөгү тополоңго катыштыгы жоктугун айтып, эч кандай көрсөтмө бербей турганын белгиледи.

Жактоочулар Азимжан Аскаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну дагы суранышты. Прокурорлор буга каршы чыгышты. Баш коргоо боюнча берилген сунушту сот буга чейин да канааттандырган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG