Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Өзбекстанда белгилүү киноактер мунапыс боюнча бошотулду


Абактан чыккан актер Матякуб Матчонов.
Абактан чыккан актер Матякуб Матчонов.

Театр жана кино актеру Матякуб Матчонов 31-октябрда мунапыс боюнча сот залынан бошотулду. Белгилүү актерго мунапыс колдонууну Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев демилгелеген.

Матякуб Матчонов быйыл 4-июлда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Ага соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү эрежесин бузуу, салык төлөөдөн качуу, кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу боюнча айып коюлган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча, актер Матчонов жана ал түзгөн “Марс” фирмасы мамлекетке 180 миллион сум кайтарып берген. Бул мамлекеттик курс боюнча 30 миң долларды түзөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG