Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Путин актёр Стивен Сигалга орус жарандыгын берди


Орус президенти Путин актёр Сигал менен Владивостокто, сентябрь, 2015-жыл.
Орус президенти Путин актёр Сигал менен Владивостокто, сентябрь, 2015-жыл.

Президент Владимир Путин америкалык актёр Стивен Сигалга орус жарандыгын берди. 64 жаштагы Сигал узак убакыттан бери орус жарандыгын сурап келгенин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 3-ноябрда билдирди.

- Ал биздин өлкөгө карата жылуу мамилеси менен белгилүү. Аны жашырган да эмес. Мындан тышкары ал атактуу актёр. Бул анын орус жараны болушуна шарт түздү,- деди Песков.

Стивен Сигал Москва менен Батыштын ортосундагы солгун дипломатиялык мамилеге карабастан Путин менен жакшы мамиледе болгон Батыштын белгилүү жылдыздарынын бири.

Орус жарандыгы берилген чет өлкөлүк атактуулардын арасында француз актёру Жерар Депардье жана америкалык мушкер Рой Жонс да бар.

Голливуддун ардагер актёру жана продюсери Сигал январь айында Сербияга барганда да ага серб жарандыгы берилген.

Сигал быйыл күзүндө “Көчмөндөр оюнуна” конок катары катышуу үчүн Кыргызстанга келип кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG