Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү


Атамбаев коалиция түзүүнү кайра эле КСДПга тапшырган.
Атамбаев коалиция түзүүнү кайра эле КСДПга тапшырган.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады. Башкаруучу альянстын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, үч партиянын саясий көз караштары дал келди.

- Биринчи кезекте мамлекеттин алдында турган маселелер, демократиялык институттарды, элдин биримдигин чыңдоо, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо, экономика, социалдык тармакты, маданиятты өнүктүрүү, мындан тышкары 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясын аткаруу боюнча пикирлерибиз бир чыккандыктан биригүү болду.

Парламентте 120 депутат бар болсо, башкаруучу көпчүлүккө кирген КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракцияларынын депутаттарынын саны 68ди түздү.

24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик бузулган. Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү милдетин кайра эле Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (NT)

XS
SM
MD
LG