Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Ооганстанда бомбалоодон 26 адам набыт болду


Аба соккудан кийинки нааразылык, 3-ноябрь, Кундуз.
Аба соккудан кийинки нааразылык, 3-ноябрь, Кундуз.

Ооган бийлиги тараткан кабарга ылайык, өлкөнүн түндүк аймагындагы аба соккудан 26 жайкын тургун көз жумду. Арасында аялдар жана балдар бар. Окуя 3-ноябрда Кундуз шаарына жакын жерде орун алды.

Апаатка нааразы болгон эл мэриянын жанына демонстрацияга чыгышты. Алар курман болгондордун жасаттарын көтөрүп турушту.

НАТО аба операциясы Кундуздагы аскерий мекемелерди коргоо максатында талиптерге каршы уюштурулганын, жайкын тургундардын өмүрү кыйылганы тууралуу маалымат текшерилерин билдирди. Мурдараак Кундузда АКШнын эки аскери каза таап, экөө жарадар болгону кабарланган.

Кундузда талиптер менен салгылашуулардан улам кырдаал курч бойдон турат. (SE)

XS
SM
MD
LG