Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Ошто Бекмамат Осмонов эскерилүүдө


Бекмамат Осмонов.
Бекмамат Осмонов.

Ош шаарындагы облустук драмa театрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарада Осмоновдун басып өткөн жолун, өмүр-таржымалын баяндаган сүрөттөр коюлуп, фильм тартууланды. Ага бүгүн Ош облусуна иш сапар менен барган премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков да катышып, маркум эл үчүн өмүрүн арнаган инсан болгон деп эскерди.

Бекмамат Осмонов 1946-жылы 4-майда Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган. 1997-жылы октябрда Москвада жүрөк оорусуна байланыштуу операциядан кийин, 52 жашында дүйнөдөн кайткан.

Эмгек жолунда райондук жана облустук деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды аркалап, Жалал-Абад, Ош аймактарында көптөгөн социалдык-маданий объектилер курулган, миңдеген гектaр жерлер өздөштүрүлгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты катары мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган бир катар мыйзамдардын демилгечиси болгон. Анын көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. (NT)

XS
SM
MD
LG