Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Өмүркулов: айрым министрлер алмашат


Коалиция жетекчиси Иса Өмүркулов.
Коалиция жетекчиси Иса Өмүркулов.

Өкмөттүн жаңы түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп, айрым министрлер алмашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, жаңы түзүлгөн көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, жаңы коалициянын түптөлүшү менен өкмөт курамында да өзгөрүүлөр болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш:

- Коалициянын өзгөргөнү министрлер кабинетине да таасир берет. Менимче, болжол менен үчтөн бир бөлүгү өзгөрөт. Бул багытта өкмөт менен кеңешүүлөр жүрөт. Алар кийинки аптада өз сунушун берет.

Иса Өмүркулов өкмөт түзүмүндө кандай өзгөрүү болорун жана кайсы жетекчилер алмашарын ачык айткан жок. Маалыматка караганда, көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка кайра эле Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөрү кабарланууда.

3-ноябрда парламентте КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирген коалиция куралды. «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган мурдагы коалиция бир жылга жетпей, 24-октябрда бузулган.

Коалиция тарагандан кийин премьер-министр жана министрлер кабинети жаңы курам түзүлгөнчө утурумдук милдетин аткара берет. (NT)

XS
SM
MD
LG