Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Максат Кунакуновго сот өкүмү угузула элек


Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

“Террорчулукка көмөктөшкөн” деп айыпталып жаткан экс-депутат Максат Кунакуновго чыгарылган өкүм 18-ноябрда жарыяланат. Сот чечими 4-ноябрда угузулмак. Бирок ал белгисиз себептерден улам 18-ноябрга которулганын адвокаттар билдиришти. Бул иш боюнча өкүм угузуу улам артка жылып келет. Максат Кунакуновго Кылмыш-жаза кодексинин “Террорчуларга көмөктөшүү”, “Мыйзамсыз курал сактоо”, “Мамлекеттик төңкөрүш аракети”, “Каракчылык кол салуу” беренелери боюнча иш козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 30 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал өзүнө тагылган кинелердин баарын четке кагып келе жатат. Кунакунов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил “Ак жол” партиясынын катарында парламентке депутат болгон.

УКМК 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте бир нече террордук акт уюштурууга аракеттенген топтун төрт өкүлүн жок кылып, жетөө кармалганын кабарлаган.Төрт күндөн кийин “Манас” аэропортунан ушул ишке катышы бар деп шектелип Максат Кунакунов кармалган. Ал ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында. Анын ишин Биринчи Май райондук сот жабык териштирүүдө. Кунакунов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тууганы. Кыргызстандагы айрым жарандык активисттер Кунакуновду “саясий туткун” деп эсептешет. (NT)

XS
SM
MD
LG