Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Казакстан Таластын алмасына базарын ачты


Алма базар.
Алма базар.

Бул жөнүндө "Азаттыкка" аймактагы Фитосанитардык көзөмөл инспекциясынын адиси Нурзат Чурмукова билдирди. Анын айтымында, мөмө-жемиштерди чек арадан өткөрбөө боюнча чектөө алынары тууралуу Казакстан өкмөтү бүгүн кыргыз тарапка билдирүү жөнөткөн. Ага ылайык, 8-ноябрь күнү, түшкү саат экиден тартып таластык соодагер-багбандар алмаларын Таразга алып өтө башташты.

Алма саткан соодагерлер Казакстандын чектөөсүнөн улам, алмалары сатылбай, үшүк уруп жатканын айтып, 7-8-ноябрь күндөрү облустук акимчиликтин алдына митингге чыгышкан эле. Соодагерлер эми Казакстанга киргенде миграциялык ченем боюнча визасыз жүрүүчү күндөрдү да тактап берүүнү суранышууда. Алар казак тарапка кирген кыргыз жарандары 30 күнгө чейин визасыз эркин жүрө алат деп кыргыз өкмөтү ЖМКлар аркылуу жарыялаганы менен, казак тарап 5 күндөн ашык убакытка калтырбай жатышканын айтышууда. Бул жагдай Казакстанга соода кылууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын ишкерлер ырасташууда. (SS)

XS
SM
MD
LG