Баалар быйыл көтөрүлбөйт, бирок келерки жылы карап көрүүгө тийишпиз деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков. Анын парламент депутаттарына маалымат берип жатып айтканына караганда, баанын төмөндүгүнөн улам, чакан ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу кечеңдеп жатат:
- Инвесторлор энергиянын баасы кеминде 4,7 сом болсо гана чакан ГЭСтерди курууга макулдугун беришүүдө.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Борбор Азиядагы «CASA-1000» долбоорун эртелетип ишке ашыруу зарылдыгын да белгиледи.
Учурда Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 700 кВт саатка чейин 72 тыйын, андан ашса 2 сом 18 тыйын. Ишканалар үчүн дагы кымбатыраак. (ZKo)