Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Казакстанда СПИД илдетине каршы бир айлык жарыялашты


Алматыдагы басма сөз жыйындын катышуучулары. 10-ноябрь, 2016-жыл.
Алматыдагы басма сөз жыйындын катышуучулары. 10-ноябрь, 2016-жыл.

Казакстандын СПИД илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башчысы Ирина Петронко бүгүн Алматыдагы басма сөз жыйында билдиргендей, азыр өлкөдө ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 26 миңдей.

Казак адистеринин эсебинде, ВИЧ инфекциясынын эл арасында жайылуу көрсөткүчү азыр 0,1% ашпайт. Ал эми илдеттин энеден балага жугуу көрсөткүчү былтыркы жылдын жыйынтыгында азайып, 1000 адамга 1,9% түздү.

Алматыдагы бүгүнкү басма сөз жыйында жарыялангандай, Казакстандын СПИД илдетине каршы бир айлыгы 10-ноябрдан 10-декабрга чейин “Мен ВИЧтин профилактикасы үчүн!” деген ураан алдында өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG