Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Кремл Крымдан "диверсант" тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

Москва аннексиялап алган Крым жарым аралында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “украиналык диверсанттар” делген үч адамды камады. Аларга аскерий жана өтө маанилүү делген обьектилерге диверсия даярдап жатышкан деген айып тагылууда. Киев бул маалыматты четке кагып, “Орусиянын атайын кызматынын чагымы” деп аташты.

Кармалгандар украиналык аналитикалык уюмдун кызматкерлери Дмитрий Штыбликов, Алексей Бессарабов жана Владимир Дудко экени маалымат каражаттарында бир күн мурда кабарланган. Бул маалымат расмий ырасталган эмес.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандардан жогорку кубаттагы жардыруучу заттар, курал-жабдык, атайын байланыш каражаттары жана болжолдуу диверсиянын карталары табылган. Ошондой эле шектүүлөр Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгынын өкүлдөрү экени айтылган. 10-ноябрда өткөн соттун чечими менен үчөө тең эки айга камалышты.

Украинанын коопсуздук кызматынын төрагасынын кеңешичи Юрий Тандиттин айтымында, кармалгандардын өлкөнүн Атайын коопсуздук кызматына эч тиешеси жок:

- Биз аларды диверсант деп эсептейбиз. Орусиянын атайын кызматтары Украинанын жарандарын өзүнүн маалыматтык операцияларында атайын коркунуч жаратуу үчүн колдонуп жатышат. Алар украиналыктар Орусияга каршы иштеп жатышат деген сөздөрдү жайылтуу үчүн колдонушат. Крымда кармалгандар Украинанын коопсуздук кызматында иштебейт жана эч кандай байланыштары жок. Биз албетте аларды куткарып алуу үчүн колдон келген аракеттердин бардыгын жасайбыз.

Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү Юрий Тандитт
Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү Юрий Тандитт

Кармалган үч адамдын бири 46 жаштагы Дмитрий Штыбликов. Ал “Номос” бейөкмөт уюмунун эксперти катары таанымал. “Номос” уюму 2003-жылы негизделип, аскерий-саясий алкактагы жыйындарды өткөрүү менен алектенип жана Крымдагы Кара деңиз флоту боюнча орус-украина макулдашуусун көзөмөл кылган. Аталган уюмдун эксперттери Украина жана Орусия маалымат каражаттарына, анын ичинде “Азаттык” радиосуна да байма-бай чыгып, ар кандай темадагы маектерди берип келишкен.

Крымды Орусия аннексиялап алган соң “Номос” жоюлган. Ал эми Штыбликов менен Бессарабов жарым аралдын аймагында калышкан.

“Крым. Реалии” радиосунун редактору Владимир Притула Дмитрий Штыбликов менен жакшы тааныш экенин айтууда. Анын билдирүүсүнө караганда, Штыбликов идеологиялык фронтто Орусияга каршы кандайдыр бир күрөш жүргүзүшү мүмкүн болгону менен, ал диверсия жана теракт даярдаган деген айыптоолор өтө күмөндүү.

- Бул нерсени элестетүү өтө кыйын. Штыбликов эмне менен алектенерин, кандай тексттерди жазганын, кандай суроолорду көтөрүп жүргөнүн билгендер анын диверсия даярдашына ишенишпейт. Менимче, ал бери дегенде кандайдыр бир идеологиялык күрөш жүргүзүшү мүмкүн. Бирок ал жардыруу уюштурууну көздөп жүргөнүн элестетүү кыйын. Албетте Севастополдо калуу менен ал орусиялык атайын кызматтарадын көңүлү ага түшөрүн күткөн. Дмитрий өзү Евпаторияда туулуп-өскөн анык крымдык жигит. Анын туугандарынын бардыгы Крымда. Өзү Украинада окуп, армияда эле кызмат өтөгөнү болбосо өмүр бою жарым аралда жашаган.

Дмитрий Штыбликов
Дмитрий Штыбликов

Ушул жылдын август айында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Крымда боло турган теракттардын алдын алганын маалымдаган эле. Анда теракттарды Украинанын коргоо министрлиги даярдап жаткандыгы айтылган. Атайын кызматтын ишендиришинче, теракттар инфраструктуранын маанилүү элементтерине жана жарым аралдын коопсуздугуна каршы багытталган. ФСБ Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын кызматкери, Запорожье облусунун тургуну, диверсиондук топтун ишин камсыздаган деп шектелген Евгений Пановду кармаганын маалымдаган.

Жайдагы окуядан соң Владимир Путин Украина террорго өткөнүн айтып, бул нерсени көңүл сыртында калтырбасын эскерткен. Киев диверсия боюнча айыптарды четке кагып, муну атайын уюштурулган чагым деп атады.

XS
SM
MD
LG