Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Орусияда айдоочулар митингге чыгышты


"Платон" системасына каршы чыккан Ростов-на-Дону шаарындагы айдоочулар.
"Платон" системасына каршы чыккан Ростов-на-Дону шаарындагы айдоочулар.

Орусиянын бир катар шаарларында жума күнү оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары "Платон" төлөм системасына каршы акцияга чыгышты. Бул федералдык трассаларда жүрүү үчүн оор жүк ташуучу унааларга бир жыл мурда киргизилген система.

Орусиянын жүк ташуучулардын бирикмесинин төрагасы Андрей Бажутиндин айтымында, пикеттерде саясий талаптар да коюлат. Анткени буга чейин былтыр митингге чыккан айдоочулар жергиликтүү бийликтердин кысымына кабылышууда.

Санкт-Петербургда нааразылык акциясына чыккан айдоочулар “Платон” системасынын жоюлушун, кара майдын арзандашын, транспорт министринин кызматтан кетишин жана жалпы эле өкмөттүн таркашын талап кылышты.

Мурдараак шаар бийликтери боолголонгон автожүрүшкө уруксат беришкен эмес. Ошол себептен айдоочулар жыйырма жүк ташуучу жана кырктай жеңил унаа менен ортолорунда элүү метр аралыкты сакташып, уруксат берилген чек менен акция уюштурушту. Ушундай эле акциялар Орусиянын башка шаарларында да өттү.

Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар үчүн негизделген акча төлөө “Платон” системасы бир жыл мурда кабыл алынган. Анда да өлкө боюнча айдоочулардын каршылык акциялар өткөн. Бир апта мурда Транспорт министрлиги кийинки жылы федералдык трассаларда жүрүү үчүн акы төлөмүн эки эсе көбөйтөрү маалым болгон.

XS
SM
MD
LG