Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Турсунбай Бакир уулу Эшенгазиев менен жаңжал боюнча түшүндүрмө берди


Турсунбай Бакир уулу
Турсунбай Бакир уулу

Экс-депутат, мурунку омбудсмен Турсунбай Бакир уулу интернет колдонуучу Алитет Эшенгазиев менен болгон жаңжалды “кутум” деп атады. 12-ноябрда экөөнүн ортосундагы талаш милицияга чейин жетип, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Бакир уулунун айтымында, ал Фейсбукка Беларуста ачылган мечит тууралуу жазган билдирүүсүнөн соң Эшенгазиев экөөнүн ортосунда диний түшүнүктөн улам кайым айтышуу башталган. Натыйжада, түнкү саат ондордо экөө көчөдөн жолугушкан.

Бакир уулу Эшенгазиев аны тилдеп, уруп жибергенин айтууда. Эшенгазиев болсо Бакир уулу биринчи кол көтөргөнүн билдирди. Экөөнүн ортосундагы чатактан улам аларды милиция Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнө алып барган.

Турсунбай Бакир уулу буга чейин да интернетте бир канча киши менен кайым айтышкан. Көп учурда атаандашын бетме-бет жолугушуп маселени чечүүгө чакырып келет. Экс-депутат муну көбүнчө Ислам динин шылдыңдоого жол бербестиги менен түшүндүрөт.

- Эшенгазиев менен болгон окуя - мага каршы атайын уюштурулган кутум. Андыктан, тергөөчүлөр мыйзамдуу түрдө териштирсин,- деген Бакир уулу шариятка каршы кишилер деп бир канча адамдын сүрөттөрүн Фейсбукка чыгарды.

Ал эми Эшенгазиев болгон окуя үчүн Бакир уулун күнөөлөп, аны адепсиздикке айыптоодо.

XS
SM
MD
LG