Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Бишкекте мусулмандарды сергек жашоого үндөгөн иш-чара өттү


Бишкекте тигилген мусулманча спорт кийимдери
Бишкекте тигилген мусулманча спорт кийимдери

Бишкекте динзар жаштар коомчулукту дени сак жашоого үндөп жатышат. 12-ноябрда Bigser маалымат борборунда "Мусулман коомчулугунун арасында дени сак жашоону жана спорт менен машыгууну өркүндөтүү" аталышындагы спорттук иш-чара өттү. Муфтияттан кабарлашкандай, анда Ислам дининде спорт менен алектенүү да зарыл ибадаттардын бири экени айтылды.

Иш-чараны Muslimbiz жана Bigsersport компаниялары уюштуруп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү, теологдор жана активисттер чакырылды.

Аталган уюмдар жакында мусулмандар үчүн спорт кийимдерин чыгара баштаган. Талкуу учурунда BigserBadr үгүсүндөгү намаз окугандарга ылайыктуу кийимдердин көргөзмөсү да болду.

XS
SM
MD
LG